Коом

Джеембаев: Ипотекалык үйлөр жалгыз бой энелерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө кезексиз берилди

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев ипотекалык турак жайдын тизмесинде 2848инчи кезекте  турган жаран кантип биринчилерден болуп үй алып калганын түшүндүрдү.

“Ал жаран жеңилдик берилчү категорияда турган, анткени өзгөчө талабы бар эрезеге жете элек баласын чоңойтуп жатат. Ал жаран арыз жазып, макамын далилдеген бардык тийиштүү документтерди тиркеген. Жыйынтыгында, тизмеге биринчилерден болуп кирген.

Токтомдун негизинде түзүлгөн бардык тизме расмий сайтта ачык көрсөтүлүп турат”, — деген орун басары портал электрондук форматта иштегендиктен махинация жасап, кезекти жылдыруу мүмкүн эместигин белгиледи.

Айтымында, жеңилдик берилүүчү катеогрияга жалгыз бой энелер, майып балдары бар үй-бүлөлөр жана беш жана андан көп балалуу үй-бүлөлөр кирет. Ошондой эле чек арачылар, Баткен аймагында кызмат өтөгөндөр да киргизилген. Алардын арызы Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы №217 токтомунун негизинде тандалып алынган.

Джеембаев белгилегендей, тандоо арыздар боюнча жүргүзүлгөн. Андагы ар бир жаран өзүнүн майыптуулугун,  жалгыз бой же көп балалуу  ата-эне экенин далилдеген документтерди тиркеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button