Коом

Депутат Марат Мураталиев калктуу конуштарда унааны катуу айдоого уруксат берүүнү суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев бийликтен калктуу конуштарда унааны катуураак айдоого уруксат берүүнү сурады.

Ал саатына 40-60 чакырым ылдамдык менен жүрүү өтө аз деп эсептейт.

«Азыр заманбап унааларды, «Жиптерди» айдап жатышпайбы. Алар 60 менен баратса да убагында токтой алат. Азыркы чектөөлөр союз убагында «Жигулилерге» ылайыкталган болчу. Ошону кайра карап көрбөйлүбү. Мисалы, Ысык-Көлгө баратканда Кеминде акырын жүрүп кайра тыгын жаратышууда», — деп кайрылды эл өкүлү президенттин ЖКдагы өкүлүнө.

Мураталиев ылдамдыктын төмөнкү чегин саатына 40 чакырым ылдамдыктан 60ка, 60тан 80ге көтөрүүнү сунуштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button