Коом
20-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 20-декабрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Эртен менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас жана Ысык-Көл облустарында +2…+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10 градус жылуу, Нарын облусунда -3…-8 градус суук болот, ал эми Бишкек шаарында +6…+8, Ош шаарында +8…+10 градуска чейин көтөрүлөрү күтүлөт.



