Коом
Салык кызматынын борбордук аппараты мурдагыдай бизнеске көчмө текшерүү жүргүзбөйт

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов борбордук аппараттагы текшерүү башкармалыгынын функциясын кыскарткан.
Буга чейин аталган башкармалык ири бизнести түрө кыдырып текшерчү. Ишкерлер буга нааразы болуп келген.
Эми аталган башкармалык пландаштыруу, тобокелдиктерди талдоо, баалоо, мониторинг менен гана алектенет.
Текшерүүлөрдү аймактык салык органдары гана жүргүзөт. Салык кызматы алардын ишин көзөмөлдөө оңой экенин, ал жактагы коррупциялык аракеттер дээрлик жокко эсе болорун белгилеген.



