Министрлик 1-июнда өтө турган балдарга арналган салтанатка чакырат

Билим берүү жана илим министрлиги балдарды 1-Июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өтө турган салтанаттуу иш-чараларга чакырат.
Министрликтен билдиргендей, аталган күнү өтө турган программалар «Улуттун жаркын келечеги» деп аталат. Иш-чаранын программасында балдар үчүн 50дөн ашык мастер-класстар жана оюндар камтылган.
«Иш-чара Балдардын укугу жөнүндөгү конвенцияны аткаруу, Кыргызстандын президентинин «Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын жана концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлөт», — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Убактысы: 2024-жылдын 1-июну саат 9:30дан 13:00гө чейин.
Салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жай: «Сейтек» улуттук балдардын жана өспүрүмдөрдүн борбору, Эмен паркы.
Байланыш: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Уметалиева.
Телефон номери: +996 554 445 566.



