Коом
Таласта милиционер болууну каалаган 7 жаштагы балага велосипед белекке берилди

Бүгүн Таластагы облустук милицияда жергиликтүү бийликтин, имамдардын катышуусунда семинар өткөрүлгөн. Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиев иш-чарага 7 жаштагы уулу Рамазанды ээрчите келген.
Семинар учурунда Рамазанга келечекте ким болору тууралуу суроо узатылып, ал милиция кызматкери болорун айткан.
Баланын жообун уккан облустук милициянын башчысы Азенбек Козукеев семинар бүткөнгө чейин велосипед алдырып, Рамазанга белекке берген.
Баланын атасынын айтымында, уулу милиция кызматкери болом деп көп айткандыктан, аны бүгүнкү иш-чарага атайын ээрчите келген. Ал белек үчүн рахмат айткан.