Эр-жигиттердин эсине! Патрулдук милиция кызматка чакырат
Бишкектин патрулдук милициясына 19 жаштан 30 жашка чейинки кызматкерлер керек.
Юридикалык билими жана А1, В, В1, С, С1 категориялары боюнча айдоочулук күбөлүгү болушу зарыл.
Документтердин тизмеси:арыз;кадрларды эсепке алуу баракчасы/анкетасы;эки нускада өмүр баяны (колго жазган жана компьютерде терилген);автобиографиялык эссе;тиешелүү билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктаган документтердин көчүрмөсү, ошондой эле окуу учурунда алган баалары менен аларга тиркемелер (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);эмгек китепчесинин көчүрмөсү (кызматка биринчи жолу кирген жарандардан тышкары), нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн;аскердик билеттин көчүрмөсү (эркектер үчүн);паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурста көрсөтүлөт) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк;балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (бар болсо) жана нике күбөлүгү (никеси болсо);укук коргоо органында кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын медициналык корутундусу;кеминде үч сунуш кат;сүрөттөр 9⨯12 (1 даана) жана 3⨯4 (4 даана).Документтер 19-майга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясында кабыл алынат. Дареги: Чокан Валиханов көчөсү, 1а. Маалымат үчүн телефондор: (0312) 63-12-75 (жумушчу топ), (0312) 63-09-00, (0312) 63-09-01 (нөөмөт бөлүмү).



