Комитет Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине Досмамбетовдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети, ошондой эле эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети бүгүн Саламаттык сактоо министри кызматына Каныбек Досмамбетованын талапкерлигин карап чыкты.
Эске салсак, ал 1-декабрда мамлекет башчысынын жарлыгы менен Саламаттык сактоо министрлигинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Буга чейин Каныбек Досмамбетов улуттук коопсуздук органдарында иштеген.
Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештеги президенттин жана Министрлер кабинетинин туруктуу өкүлү Алмас Абытов тааныштырды.
Эки комитеттин мүчөлөрү министрдин милдетин аткаруучуну саламаттык сактоо тармагындагы реформаларды активдүү илгерилетүүгө чакырып, анын талапкерлигин колдошту.
Эми Каныбек Досмамбетованын талапкерлиги парламенттин жалпы жыйынында бекитилиши керек.



