
Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ, 9-майда параддан кийин беш өлкөнүн лидерлерин дасторкон үстүндө кабыл алган.
Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ардактуу конок катары катышты. Жапаров менен Лукашенко дасторкон үстүндөгү кабыл алууда болгон эмес.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев анын себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров 8-майда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери үчүн бейформал кечки тамактанууга катышкан.
«Кийинки күнү, 9-майда парад аяктаган соң кыргыз делегациясы расмий сапардын алкагындагы иш-чарага – Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен сүйлөшүүлөргө барды», — деди ал.



