Коом

УКМК: Жалал-Абадда мыйзамсыз менчиктештирилген жалпы аянты 3,70 га болгон жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө КР УКМК тарабынан  Жалал-Абад шаарында 1960-1970-жылдары жер тилкелери жыгач кампасын жана соода базасын куруу жана жайгаштыруу үчүн бөлүнгөнү аныкталган. Деген менен 1999-2008-жылдары аталган жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2,40 жана 1,35 гектар жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.  Аталган жер тилкелерине социалдык объектилерди, атап айтканда, Спорт жана жаштар ордосун жана Эл аралык Ала-Тоо университетин филиалын куруу пландалууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button