Дүйнө
Пуэрто-Рикодо мыйзам бузган эки кыргызстандык кармалды

Алдын ала маалымат боюнча, Американын укук коргоо органдары тарабынан Пуэрто-Рикодо эки кыргызстандык кармалган.
ТИМден билдиргендей, алар АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузууга шектелүүдө. Алар учурда Флорида штатынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Кыргызстандын АКШдагы элчилиги тарабынан кыргызстандыктардын кармалышы боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.