Спорт
Хоккей боюнча улуттук курама команда 7-орунду ээледи

Хоккей боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында 7-орунду ээледи.
Улуттук курам биринчи айлампада Кувейттин командасын 8:9 эсебинде, экинчи айлампада Бахрейндин командасын 29:0 эсебинде уткан.
Үчүнчү айлампада Сингапурдун командасын 11:2 эсебинде жеңген. Улуттук курам төртүнчү айлампада Гонконгдун командасын менен ойноп 6:5 эсебинде жеңип, 1/4 финалдык беттеште Түштүк Кореянын командасына жеңилди.
Эске салсак, хоккей боюнча мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Бахрейн, Гонконг, Кувейт, Сингапур, Түштүк Корея, Кытай, Тайвань, Таиланд, Туркменистан, Индия Макао жана Жапониянын курама командалары катышууда.