Окуялар

Элди нааразы кылган Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафеси жабылды

Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафеси  жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, текшерүү Ош шаардык прокуратурасынын актысынын жана жарандардын арызынын негизинде жүргүзүлгөн.

«Манас-Ата» кафеси текшерилип, бир катар кемчилдиктери үчүн 41 миң сом айып пул салынды. Даяр тамак-аштардын үлгүсү лабораторияга жиберилген. Изилдөөнүн натыйжасында тамак-аштан аныкталган кемчилдиктер үчүн, санитардык гигиеналык нормалар сакталбаганы үчүн кафе ээси Бахтияр Гуламовго 23 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынган. Андан сырткары азык-түлүктү сактоодо кетирген каталары үчүн башкы ашпозчусуна 13 миң сом айып пул салынган. Кафенин айланасы да тазаланбагандыктан 5 миң сом айып пул көрсөтүлгөн. Учурда кафенин иши убактылуу токтотулуп, жууп тазалоо, дезинфекция, дезинсекция, дератизация иш-чаралары жүргүзүлүп жатат» , – деп жазылат маалыматта.

Буга чейин «Не сахар» долбоорунун тартуучу тобун аталган кафенин администратору ичине киргизбей, ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан. Коомчулукка тараган видео эл арасында талкуу жараткан соң иликтөө иштерибашталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button