Коом

Эл өкүлү “Издейм сени” телеберүүсүн кайра ачууну суранды

Депутат өлкөдө дайынсыз жоголгондордун саны көбөйгөнүнө байлыныштуу өкмөттөн “Издейм сени” телеберүүсүн жандандыруу суранды.

“2024-жылдын ноябрында Бишкектин Ленин районунда 1981-жылы туулган Тилек Аманбаев деген киши дайынсыз жоголгон экен. Азыр 80ге чыккан апасы шаарда издеп жүрөт. Ошого жакшылап жардам берип койсок… Мурун УТРКда “Издейм сени” деген телеберүү бар эмес беле, ушуну кайра жандандырсак. Бүгүнкү күндө жоголгондор көп болуп жатат”, — деди Таалайбек Сарыбашев.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button