Бишкекте LED-лампаларды колдонгон айдоочуларга айып пул салынууда

Бишкекте унаалардын арткы бурулуш көрсөткүчтөрүндө ак түстөгү светодиоддук лампаларды колдонуу учурлары көбөйдү. Бул жолдордо кооптуу кырдаалдарды жаратышы мүмкүн экенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, түнкү убакта патрулдук кызматкерлер Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Айдоочу арткы бурулуш чырактарына ак LED-лампаларды орнотуп алган. Мындай өзгөртүү транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген мыйзамсыз өзгөрүү болуп эсептелет жана Жол кыймылынын эрежелерине каршы келет.
Айдоочу жоопкерчиликке тартылды. Мыйзам бузуу ошол жерде эле жоюлуп, лампалар стандарттуу кызгылт сары (оранжевый) түстөгү лампаларга алмаштырылды.
Тиешелүү кызмат белгилегендей, бурулуш көрсөткүчтөрү сөзсүз түрдө кызгылт сары түстө болушу керек. Ак лампаларды колдонуу башка айдоочуларды жаңылыштырып, айрыкча түнкүсүн жол коопсуздугун төмөндөтөт.
Мекеме айдоочуларды белгиленген талаптарды сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугуна терс таасир этүүчү өзгөртүүлөрдү киргизбөөгө чакырды.



