Экология тармагында мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

Кыргызстанда экологиялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт, деп билдирет Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга ылайык, бир катар экологиялык талаптарды сактабагандыгы үчүн айып пулдун өлчөмү жогорулатылат.
Ошентип, Укук бузуулар жөнүндө кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
— «Мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тартуу же анын талаптарын аткарбоо» жөнүндөгү 209-беренени бузууда жеке жактарга 15 миң сом, юридикалык жактарга 30 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Буга чейин мамлекеттик экологиялык экспертизадан баш тарткандыгы үчүн жоопкерчилик каралган эмес жана бизнес субъектилер мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун албастан иштей алышкан.
— Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоону жөнгө салууга, ошондой эле өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүнө өзгөртүүлөр киргизилди.
— Өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрүн интродукция жана акклиматташтырууга тиешелүү 254-беренеде жеке жактар үчүн 10 миң сомго, юридикалык жактар үчүн 28 миң сомго чейин айып пул көбөйтүлгөн. Бул берене чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга патологиялык ооруларга текшерүүсүз ар кандай өсүмдүктөрдү алып келүүгө бөгөт коет.
— Токойлор үчүн пайдалуу фаунаны жок кылууну жөнгө салган 259-беренеде айып пулдар жеке жактар үчүн 20 миң сомго, юридикалык жактар үчүн 55 миң сомго чейин өстү.
— Өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндө 274-беренеге ылайык, кооптуу өндүрүш объекттеринде иш жүргүзүүдө ченемдик актыларды бузгандыгы үчүн айып пул жеке жактар үчүн 10 миң сомго, юридикалык жактар үчүн 35 миң сомго чейин көбөйтүлдү. Берененин экинчи бөлүгүндө айып пулдар 20 миң жана 50 миң сомго чейин көтөрүлгөн.
Бул берене боюнча айып пулдардын көбөйүшү кооптуу өндүрүштөрдөгү кырсыктардын алдын алууга багытталган. Мисалы, 2022-жылы тоо-кен ишканаларында 24 кырсык болуп, анда 27 жумушчу жабыркаган. Алардын ичинен 16 адам оор жаракат алса, 11 адам каза болгон.
Мыйзам 2025-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.



