Коом
Бишкекте мектептин дене тарбия мугалими 2-класстын окуучусуна ыплас аракеттерди жасаган деп шектелүүдө

Окуучунун апасы милицияга кайрылган. Ал дене тарбия мугалими сабак учурунда кичинекей кызына карата адепсиз аракеттерди жасап келгенин айткан.
Милицияга жеткирилген 70 жаштагы И.А. күнөөсүн мойнуна алган эмес. Экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча мугалимдин аракетине юридикалык баа берилет.
Мугалимдин үстүнөн ушул сыяктуу дагы бир нече арыз түшкөн.
Эске салсак, Кыргызстанда майыптар менен балдарга жасалган сексуалдык зомбулук үчүн жазаны катаалдаткан мыйзам кабыл алынган.



