Коом

Москвадагы «Сахарово» борборунда 75 кыргызстандык кармалып турат

Москвадагы “Сахарово” борборунда 75 кыргызстандык кармалып турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти, — деп жазды Акчабар маалымат порталы.

Маалыматка ылайык, элчиликтин кызматкерлери ал өлкөдөгү тийиштүү органдар менен бирге чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайга барышты. Анын алкагында кыргызстандыктардын укугун коргоо, мекенине кайтаруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле элчиликтин кызматкерлери кармалып турган Кыргызстандын жарандарына укуктук кеңеш берилип, суроолорго жооп беришти. Жарандар тарабынан борбордун кармоо шартына нааразылык болгон эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button