Кыргыз футбол биримдиги: эл аралык кызматташтыкта өлкөнүн кызыкчылыгы жогору турат

Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) учурда коомчулукта талкуу болуп жаткан туура эмес маалымат тууралуу билдирүү жасады.
Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) жетекчиси Камчыбек Ташиев словакиялык А.С.Тренчин футболдук клубунун үлүшүн алганы тууралуу маалымат каражаттарында пайда болгон маалыматтарга байланыштуу, расмий түрдө төмөндөгүлөрдү жарыялайбыз:
Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Камчыбек Ташиев бир дагы чет элдик же ата мекендик футбол клубунун, анын ичинде А.С.Тренчиндин да акционери эмес.
Кыргыз футбол биримдиги, анын жетекчилери менен бирге эл аралык кызматташтыкты жолго коюу боюнча тынымсыз иш алып барууда. Анын негизги максаты инвестиция тартуу, чет элдик тажрыйбаны колдонуу, ата мекендик футболду өнүктүрүү үчүн чет элдик квалификациялуу адистерди колдонуу.
Кыргызстандагы футболдун азыркы өнүгүү темпи дүйнөлүк футбол коомчулугунун кызыгуусун жаратпай койбойт. Аткарылган иш-чараларга оң баа берилип, бул КФБны өлкөбүздө футболду өнүктүрүү үчүн дагы көбүрөөк күч-аракет жумшоого милдеттендирет.
Бардык эл аралык мамилелер, анын ичинде ар кандай чет элдик футбол клубдары менен улуттук кызыкчылыктарга негизделет. Позитивдүү натыйжалар боюнча төмөнкү мисалдарды белгилесе болот:
1. ФК Барселона (Испания) менен кызматташуу жана Жалал-Абад шаарында Барса академиясын ачуу.
2. Дүйнөдөгү эң күчтүү лигалардын бири – Англия Премьер-Лигасынын өкүлү болгон «Астон Вилла» (Англия) футбол клубу менен байланыш.
3. ФК Тренчин (Словакия) менен расмий кызматташуу эки кыргызстандык футболчуга клубдун курамында машыгуудан өтүүгө уруксат берди. Кошумчалай кетсек, клубдун түзүмүндө КФБнын бир машыктыруучусу азыртадан эле окуудан өтүп жатат жана келечекте кыргызстандык машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча мындай стажировкаларга үзгүлтүксүз катышуусу пландалууда.
Жогоруда аталган клубдардан тышкары, КФБ менен өлкөнүн футбол клубдарына чет өлкөлүк клубдардан биргелешкен кызматташуу боюнча сунуштар түшүүдө, бул бир гана ата мекендик футболдун пайдасына багытталаары талашсыз.



