Коом

Мектептерде акча чогултулбайт! Министрлер кабинети президенттин жарлыгын аткара баштады

Буга чейин Садыр Жапаров мектептерде акча чогултууга жана коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлык чыгарган. 

Министрлер кабинети аталган жарлыкты ишке ашыруу максатында токтом кабыл алды. 

«Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында акча чогултууга жол берген адамдар КР укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат», — деп жазылат маалыматта. 

Өкмөт Финансы министрлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мектептерге керек болгон тиричилик буюмдарын сатып алууга акча бөлүп берүүнү тапшырды. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button