Каракол шаарында укук коргоо кызматкерлеринин арасында семинар-трениг уюштурулду

Каракол шаарында «Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Программасын ишке ашырууга багытталган семинар-тренинг болуп өттү. Иш-чарага Ички иштер органдарынын кызматкерлери, Ысык-Көл облусунун сот жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү катышты.

Семинар-тренингдин эксперттери Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары Самат Бердикожоев, ушул эле кызматынын бөлүм башчысынын орун басары Самат Осмонов жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү болушту. Тренингдин жүрүшүндө өлкөдө экстремисттик ишмердүүлүктүн жана терроризмдин алдын алууга багытталган мыйзамдарды жана программаларды ишке ашыруу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Семинардын катышуучулары экстремизмге каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмалары жана жолдору менен таанышууга, конкреттүү учурларды жана көйгөйлөрдү талкуулоого, ошондой эле тажрыйба жана ыкмалар менен алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. Эксперттер бул тармактагы ар кандай түзүмдөрдүн координациясын жана натыйжалуулугун жогорулатууга жардам бере турган аналитикалык маалыматтар жана практикалык көрсөтмөлөр менен бөлүшүштү.

Семинардын уюштуруучулары укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилешти.



