Коом

Кыргызстанда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу 207,9 миң балага берилүүдө

Кыргызстанда 1-февралга карата «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучулардын саны 58,4 миң үй-бүлөнү түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Жөлөкпулду аталган үй-бүлөлөрдө жашаган 207,9 миң бала алат.

Эскерте кетсек, «үй-бүлөгө көмөк» 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөрлөргө берилет. Үй-бүлөнүн тапкан кирешеси ар бир адамга бөлгөндө 1 миң сомдон ашпашы керек.

Жөлөкпул ар бир балага 1 200 сомдон 16 жашка чыкканга чейин берилет. Ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандарга жөлөкпул тийиштүү райондук коэффициенттер менен эсептелет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button