Маданият
Союзбек Надырбеков маданият министринин биринчи орун басары болду

Надырбеков Союзбек Надырбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Эскерте кетсек, буга чейин бул кызматты Чыңгыз Эсенгулов аркалап келген.