Коом

Ак жеринен камалган активисттерге 500 миң сомдон төлөнөт

Финансы жана Ички иштер министрликтери ак жеринен камалган активисттерге 500 миң сомдон төлөөгө милдеттендирилди.

Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Эске салсак, 2023-жылы Селекция айылында таза суу маселесин чечүү талабы менен жол тосулган. ИИМ «Мыйзамсыз жол тосуу» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча иш козгоп, блогер Эртай Искаков менен жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду кармаган. Кийин соттун чечими менен Искаковго 50 миң сом айып салынса, Балбаев менен Бекболотов 100 күндүк коомдук жумуштарга милдеттендирилген. Бирок кийин Чүй облустук соту жана Жогорку сот аларды толугу менен актаган. Балбаев менен Бекболотов куугунтукталганын белгилеп, моралдык кенемте өндүрүү үчүн сотко доо арыз менен кайрылышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button