Коом

 Алматыда өткөн Евразиялык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 21 медаль жеңди

Кыргызстандык окуучулар Алматыда өткөн информатика боюнча Евразиялык XVII олимпиадада эң мыкты жыйынтыкка жетишти. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Олимпиаданын жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар 6 алтын, 9 күмүш, 6 коло медаль утуп, дагы үч катышуучу сертификатка ээ болгон.

15–16-декабрь күндөрү өткөн билим таймашына 200дөн ашык окуучу катышып, Кыргызстандын атынан 24 окуучу барган.

Алтын медалдын ээлери:

Алихан Айдарбеков — 12-класс, «Сейтек STEM» мектеби;

Рамазан Мананов — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;

Абдуллахан Абдирасулов — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;

Эмирхан Сыдыкбаев — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби;

Арлан Саят — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби;

Ариет Акимов — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби.

Күмүш медаль уткандар:

Ислам Зымчыбеков — 11-класс, Таластагы «Манас Ата» лицейи;

Байыш Миңбаев — 11-класс, Купуев атындагы академия;

Азамат Алишеров — 11-класс, Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы лицей;

Али Арапов — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;

Нурислам Карыпжанов — 11-класс, Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицей;

Бектен Абдувалиев — 8-класс, International School of Kyrgyzstan (Ош);

Адилхан Кадыров — 10-класс, Нарын шаарындагы М. Субакожоев атындагы лицей;

Саид Жаникеев — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;

Али Алмазов — 10-класс, Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи.

Коло медалдын ээлери:

Актан Мавлянов — 9-класс, Intellect school жеке мектеби;

Аруубек Баймырзаев — 9-класс, «Акылман» президенттик лицейи;

Азирет Исраилов — 9-класс, Intellect school жеке мектеби;

Андрей Филиппов — 11-класс, Бишкектеги №61 мектеп-лицей;

Сабыр Алымбеков — 10-класс, «Маариф» билим берүү комплекси;

Айтегин Базаркулов — 11-класс, Бишкектеги №61 мектеп-лицей.

Сертификат алган катышуучулар:

Байтур Ажыбаев — 10-класс, Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы лицей;

Аман Досалиев — 9-класс, Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицей;

Абдумалик Матанов — 9-класс, Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицей.

Тектеш кабарлар

Back to top button