Спорт
Кыргызстандын футболчу кыз-келиндер командасы Душанбедеги турнирде 3-орунду ээледи

Тажикстандын Душанбе шаарында CAFA U-17 Women’s Championship 2025 эл аралык мелдеши жыйынтыкталды.
Ага Өзбекстан, Иран, Тажикстан, Кыргызстан курамалары катышышты.
Анын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Өзбекстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы (U17) , экинчи орунду Иран курамасы жана үчүнчү орунду Кыргызстан ээледи.
Кыргызстандык футболчулар ошондой эле Fair Play сыйлыгын да алышты.