Окуялар
Каза болгон улакчы. Нооруз турнири жылдырылды

Бүгүн, 12-мартта Бишкектин четиндеги көк бөрү оюнунда улакчы каза болгону маалымдалган. Кырсык боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, 1980-жылы туулган оюнчу каза болгонун билдирген.
- «12-мартта болжол менен саат 10:00дө Көк бөрү федерациясы уюштурган мелдештин жүрүшүндө Сокулуктун “Бөрүлү” командасы менен Оштун “Бүркүт” командасынын оюну башталган. Болжол менен 10-15 мүнөт өткөн соң, кагылышуудан улам оюнчу аттан кулап, эс-учун жоготкон. Оюн токтотулуп, жерине Тез жардам чакырылган. 1980-жылы туулган жаран ооруканага бара жатып жан берди. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталды»,- деп айтылат маалыматта.
Көк бөрү федерациясынын басма сөз кызматы оюн токтогонун билдирди. «Оюн токтоду, ошол учурдагы оюнду аягына бүтүрүп салуу керек болду. Калган бүгүнкү оюндар жана Нооруз турнири белгисиз мөөнөткө жылды», — деди ал.