Коом

«Мектепке баруу азапка айланды». Агынан жарылган мугалим бийликке кайрылды

23 жылдык тажрыйбасы бар мугалим Венера Бектурсунова билим берүү министрине кайрылып, мугалимдерге ашыкча иштер жүктөлүп, текшерүү, отчет жаздыруу күчөп, түшүнүксүз талаптар коюлуп жатканын соцбаракчасына жазган. 

«Мектепке баруу азапка айланды. Чыгармачылыкка убакыт жок, биз форма текшерип, документ толтуруп, комиссия күтүп отурабыз. Эки койсоң «жакшы окуткан эмессиң» деп мугалим күнөөлүү болот. Ушундан улам «3» деген бааны коюп, унчукпай калабыз. Биз да адамбыз, үй-бүлөбүз, жеке жашообуз бар», — деп жазган Бектурсунова.

Ал текшерүүлөрдү токтотууну жана тынч иштөөгө шарт түзүүнү талап кылып, министрди мугалимдерди коргоого чакырды. Педагог бул кайрылуусу үчүн жумуштан айдалышы мүмкүн экенин, бирок чыдабай калганын кошумчалаган. 

Бул кайрылууга Эдил Байсалов жооп берип, министр Кендирбаева мугалимдер үчүн күрөшүп жатканын айткан.

«Догдуркүл Шаршеевна өзү мугалим, жакын арада кереги жок нерселердин баарын жок кылууга аракет кылууда. Мунун баарына жакында ынанасыздар», — деген Байсалов. 

Билим берүү министрлигинин өкүлү Бакыт Козуев ведомство мектептерде ашыкча текшерүүлөрдү жүргүзбөй турганын айтып, эгер тез-тез текшерүүлөр болуп жатса, ачык айтууну өтүнгөн. 

«Сизди эч ким жоопко тартпайт, диалогго ачыкпыз», — деп жазды ал. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button