Спорт

Футбол: Эртең Кыргызстан менен Өзбекстан беттешет

Кечээ, 18-мартта Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ташкентке барды. Аларды аэропорттон Өзбек футбол ассоциациясынын жетекчилери тосуп алышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Эртең, 20-мартта Өзбекстандын «Бунедкор» стадионунда 2026-жылы өтө турчу Дүйнө чемпиондугунун тандоо раундунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын курамасы беттеш өткөрөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

20-мартта саат 19:00дө Эски аянтта Кыргызстан – Өзбекстан беттешинде курама команданы колдоо үчүн фан-зона уюштурулат.

Сизди эмнелер күтөт?

🏟 Ири 322 м² экранга ээ масштабдуу фан-зона;

🍢 Ысык тамак жана улуттук суусундуктар — орозо кармагандарга өзгөчө көңүл бурулат;

🎤 Мыкты шоу-программа — сынактар, сюрприздер, жаркын эмоциялар;

🎮 Оюн зонасы — футбол талаасынан тышкары да көңүл ачууну каалагандар үчүн;

🛋 Ыңгайлуу бинбегдер менен эс алуу зонасы — матчты максималдуу комфорт менен көр;

🚍 Беттештен кийин үйгө оңой жетүү үчүн коомдук транспорт каралат.

Кирүү акысыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button