Коом
Айсулуу Мамашова менен Элдар Абакиров парламентте ант берди
Алар “Альянс” партиясынын тизмеси менен мандат алып депутат болуп келишти. Эл өкүлдөрү чуу менен кеткен Эмил Жамгырчиев жана Фарходбек Алимжановдун ордун ээлешти.
Мамашова Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Абакиров ишкер, мурда экономика министринин орун басары кызматында иштеген.



