Коом
Нарында катуу шамал турак үйлөрдүн чатырын учурду

ӨКМден билдиришкендей, Ат-Башы районундагы Кара-Суу, Калинин, Дыйкан, Терек-Суу айылдарында турак үйлөрдүн жана кампалардын, чарбалык курулуштардын, сарайлардын чатырларын шамал учуруп кеткен.
Чыгымдын көлөмү шамал басылгандан кийин аныкталары кошумчаланды.
Буга чейин Ат-Башыда жүк ташыган унаалардын прицептерин шамал оодарып кеткен видеолор тараган.



