Коом

Министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусундагы милициянын курулуп жаткан имараттарын текшерүүгө алды

Министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусундагы милициянын курулуп жаткан имараттарын текшерүүгө алды


ИИМдин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов Баткен облусуна иш сапар менен барып, 2021-жылдын апрель айындагы окуяларда жабыркаган, күйүп кеткен милициянын имараттарынын ордуна кайрадан курулуп жаткан милициянын бөлүктөрүнүн курулуштарынан кабар алды.
Ал Баткен облусунун районундагы Арка-2, Максат айылдарындагы милициянын аймактык пунктарынын курулушу менен, ошондой эле Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын капиталдык ремонту менен таанышты. Октябрь Урмамбетов азыркы мезгилде Баткен районунун Аксай айыл аймагына караштуу «Головной» башкы суу бөлүштүрүүчү жайындагы курулуш, оңдоп түзөө иштери да толугу менен жүрүп жаткандыгынан кабар алды. Андан соң Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин имаратынын курулушу менен дагы таанышып, жоокерлердин кызмат өтөөсү менен таанышып чыкты. Ал ошондой эле жергиликтүү эл менен да жолугушуп, коомдук тартипти сактоонун абалы менен таанышып, жергиликтүү милиция кызматкерлерине кайрылып, жарандардын коопсуздугун сактоодо бардык мыйзам чегиндеги аракеттерди көрүүнү тапшырды.
Баткен окуяларында Лейлек жана Баткен райондорунда жабыркаган жана талкаланган милициянын имараттарын калыбына келтирүү максатында ИИМ кызматкерлери демилге көтөрүп бир күндүк айлык акыларын атайын эсепке которушкан. Учурдагы курулуш иштери ошонун эсебинен жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейбиз.
Иш сапардын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик органдары, акимчиликтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп милициянын аймактык пункттарын курууга жер участокторун бөлүп берүү маселесин көтөрүп, жергиликтүү милиция органдарынын жетекчилерине коомдук тартипти чыңдоо, коопсуздук чараларын көрүү, жарандардын көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл буруу, маселелерин жеринде чечүү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле курулуш иштерин тездетүү тапшырмаларын койду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button