Коом
Бишкектеги муниципалдык коомдук транспорттун айдоочуларына дресс-код киргизилип жатат

Эми айдоочулар үстү ак, асты кара кийимге өтөт.
“Айдоочуларга болгон талаптарды күчөтөбүз. Биз алардан талап кылганга толук укугубуз бар, анткени алардын айлыгын 50 миң сомго чейин көтөрдүк. Эми биз алардан тартипти, маданияттуулукту, тамеки чегип жатабы, спорттук кийим менен келип алдыбы… Айдоочуларга дресс-код киргизип жатабыз, үстү ак, асты кара. Акырындан өтүп жатат. Алтургай, айдоочулар өзүлөрү “тойго келгендей эле келип жатабыз” деп күлүп жатат», — деди Сазыкулов.



