Саясат

“Бүтүн Кыргызстандын” тагдыры БШКда чечилгени турат

Молдобу, саясатчыбы, жашпы-карыбы мыйзам бардыгына бирдей болушу шарт. Өзгөчө шайлоо өнөктүгүндө  ишаракеттер мыйзам чегинде аткарылышы керек. Анткени ар бир талапкер мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздап, парламентке кооз сүйлөө үчүн эмес, так мыйзам жазуу үчүн бара жатышпайбы. Соңку күндөрү, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жана лидери Адахан Мадумаров тууралуу бир катар чыр-чатактар чыгып кетти.

Биринчиси,  партияга Турсунбай Бакир уулу кошулгандыгы жарыяланып, курултайы өтүп, алгачкы тизме ачыкталды. Бирок, тилекке каршы “эркчилер” тизмеде жок экендигин өздөрү билбей да калышкан.

Аны, Турсунбай Бакир уулу фейсбук баракчасына төмөндөгүдөй жазды: “Кеп мандатта эмес, партиянын курултайынын чечими жана мыйзам бузулгандыгында. Эгер колумду шилтеп, эмне болсо боло берсин деп кете берсем, анда башкаларга кандай үлгү көрсөрткөн боломун?!”.

Ага улай эле, парламенттик шайлоого катышуу үчүн, БШКга документтерин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы айрым талапкерлердин документтерин фальсификациялоо жолу менен тапшырган деген маалыматтар тарады. Бул тууралуу партиянын республикалык штабынын жетекчиси Мадумаровдун жакын адамы , республикалык штабтын жетекчиси Динимухаммед Ыбрайымов маек учурунда айтып, партия курамынан кеткендигин жарыялады. Мындан тышкары, Мадумаров мырза, партиянын курамына киргизүү үчүн, талапкерлерден 200 миң АКШ долларын талап кылгандыгы ачыкталды.

Менин айтайын дегеним башка! Аталган фактылар боюнча, арыз-кайрылуулар БШКда бар экендиги белгилүү. Буга чейин эмнеге ооз ачыша элек? Болбосо катардагы жарандарды айтпай эле коеюн Мадумаров канчалаган колдоочуларынын  укугун тебелеп жатат? БШК фальсификацияланган документтерди текшерип, аныктап, териштирип “Бүтүн Кыргызстанды” шайлоо өнөкөттүгүнөн четтетүүсүн талап кылам. Нарында комбайн алабыз деген видео боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды. Эмнеге пресс-конференция, видео кайрылуулардан соң кылмыш иши «бүтүнчүгө» козголбойт. Балким, дал ушул үчүн Адахам Мадумаров “өз билемдигин” бекемдеп, улам бир партиялашынын укугун бузуп жаткандыр? Каалаган адамынын колун жасалмалап, тапшырган Мадумаровдун парламентке барганга түгүл, ал жакка барганга укугу жок деп эсептейм. Курултай чечимин бузган, шайлоо фондунан тышкары акча чогултуп, орун саткан, иш кагаздарын жасалмалаган. Ар бир пунк боюнча мыйзам бузуу беренелери бар. Жоопкерчиликке тартылып, шайлоо өнөктүгүнөн четтетилиши керек. Жер саткан, укук тебелеген адам, Кыргызстандын келечегин түптөөгө аралашпасын!

Бакдөөлөт Кабылбеков

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button