Коом
13 күндөн бери дайынсыз. Өзгөндө 16 жаштагы Асемай изделүүдө

Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2005-жылы туулган Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Полотова Асемайды табууга көмөктөшүүнү суранат.
Ал 2021-жылдын 28-ноябрь күнү саат болжол менен 12:00 чамаларында Куршаб айылында жайгашкан Ы.Бектемиров атындагы орто мектебине кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 155-160 см, кара тору, дене түзүлүшү арык, кашы көзү кара, чачы кара түстө.
Кийимдери: кара түстөгү картка, ак түстөгү көйнөк, кара галстук, кара түстөгү юбка, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим.
Полотова Асеманы көргөндөр же кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюнуздар: (03233) 5-06-36, 0555 20 77 76, 0504 44 55 41.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы



