Коом

Соттук-эксперттик кызмат ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчилерине практикалык сабак өткөрдү

КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын лабораторияларында КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүмдөрүнүн жана башкармалыктарынын жетекчилери үчүн окутуу болуп өттү.

Соттук-эксперттик кызматтын материалдардын, заттардын жана буюмдардын криминалистикалык экспертизалар башкармалыгынын башчысы К.Мамбеталиева прекурсорлорду, синтетикалык жана өсүмдүк баңгизаттарын идентификациялоо маселелерин кеңири айтып берди.

Экспертизалин заманбап ыкмаларына, ошондой эле процесстик документтерди туура тариздөөгө өзгөчө басым жасалды. Баңгикылмыштуулугуна каршы күрөшүүчүлөргө баңгизаттарды изилдөө иш жүзүндө кантип жүргүзүлөрү көрсөтүлдү.

Аталган окутуу КР ИИМ БМЖККК кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, мекемелер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана республикадагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн методдорун өркүндөтүүгө өбөлгө түздү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button