Коом

УКМК: Таластагы бала бакчанын ачылыш аземи өттү

Бүгүн, 2025-жылдын 7-апрелинде Талас облусунун Аманбаев айыл аймагында Д.Анарбеков атындагы балдар бакчасы пайдаланууга берилди.       

Бала бакчанын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев, КР УКМК Чек ара кызматынын  2029 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин 2023 — жылдын 28-ноябрында Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы административдик имаратынын ачылыш аземинде, аталган 

райондо мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин эске алуу менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК  төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин колдоосу  менен 200 орундуу бала бакча куруу демилгеленген.

Бала бакчага Баткен районунун «Достук» чек ара заставасынын аскер кызматкери, 2022-жылы КР чек арасындагы куралдуу кагылышууда баатырдык  менен курман болгон лейтенант Дастан Анарбековдун ысымы ыйгарылды. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button