Коом
Бишкекте өрт көзөмөл кызматынын эки жаңы бөлүмү курулат

Келерки жылы Бишкекте өрт көзөмөл кызматынын эки жаңы бөлүмүнүн курулушу башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда республика боюнча өрт көзөмөл кызматынын 90 бөлүмү иштейт. Ошондой эле айрым объектилерде реконструкция иштери жүргүзүлүүдө.
Келерки жылы Бишкекте дагы эки объекттин курулушун баштоо пландалууда. Алар Достоевский жана Ахунбаев көчөлөрүнүн, ошондой эле Чокан Валиханов жана Анкара көчөлөрүнүн кесилиштеринде курулат.



