Окуялар

Бишкекте окуучуну сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды — ФОТО

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

«20-декабрь күнү болжол менен саат 07:30 чамасында Ауэзов жана Казан-Булак көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен бара жатып, жөө адамды сүзүп алып, андан ары качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2007-жылы туулган С.А. аттуу өспүрүм ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Toyota Prius үлгүсүндөгү унаанын 1992-жылы туулган Н.К. аттуу айдоочусу кармалып, андан ары чара көрүү үчүн Бишкек ШИИББинин жол кырсыктары боюнча тергөө кызматына жеткиришкен», — деп жазылат маалыматта.



Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button