Коом
Молдовановкадагы абакта отурган 42 киши тинтүү учурунда каршылык көрсөтүп, айып изоляторго киргизилди

Аларга сырттан келген адам менен көрүшүүгө жана тамак-аш, кийим-кече берүүгө дагы тыюу салынды. Мындай маалымат Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго түшүп, укук коргоочулар мекемеге барышкан.
7-апрелде камераларда тыюу салынган буюмдарды тинтүү максатында текшерүү жүргөнү маалым болду. Каршылык көрсөткөн 42 соттолуучу айып изоляторуна киргизилгенин колониянын администрациясы билдирди.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор соттолгондордон эч ким арыз жазбаганын айтты. Борбор түзөтүү мекемелериндегилерди массалык жазалоо көбөйүп жатканына тынчсызданууда.



