Окуялар

УКМК: Каракол шаарынын мурдагы мэри кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Буга чейин маалымдалгандай, КР УКМК тарабынан Каракол шаардык мэриясынын жетекчилиги жана башка адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, муниципалдык жер тилкесин арзандатылган баада саткан фактылар аныкталган.

Алсак, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жасалма аукцион уюштуруу жолу менен Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин  А.Н.К. аттуу КР жаранына жеке менчикке берип, кийинчерээк ал кымбат жер участогуна алмаштырылган.

Мында Каракол шаарынын мэриясынын кызмат адамдарынын иш- аракеттери тооруктарды өткөрүү жана башка жер участогуна алмаштыруу иштери, мэрдин кызмат ордун ээлеген А.Ф.А.  тарабынан жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча А.Ф.А. Каракол шаарынын №23 тергөө абагына камакка алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button