Коом
«Манас» аэропортунун учуп-конуу тилкеси оңдолсо, каттамдарды кабыл алууга начар аба ырайы тоскоол болбой калат

Президенттин маалымат катчысы аба майданын реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө учактардын конуусуна белги бере турган заманбап жарыктандыргычтар орнотуларын белгилеген.
«Бул аба ырайы бузулганда учактардын коно албай калган учурларын дээрлик жокко чыгарат. Мисалы, азыркыдай бир аз туман түшсө, башка аэрпортко кетирүү маселеси жаралбайт«, — деп жазган Аскат Алагөзов.
Ал оңдоо иштери быйыл октябрь-ноябрда соңуна чыгарын кошумчалаган. Ушундай эле жумуштар кийинки жылы “Ош” эл аралык аэропортунда жасалат.



