Спорт
Футзал боюнча Кыргызстандын командасы БАЭ курамасын утуп алды

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы бир күн мурун Дубайда өткөн жолдоштук беттеште БАЭ курамасын утуп алды. Бул тууралуу аталган спорттун ассоциациясы Instagram баракчасына билдирди.
Оюндун эсеби 3:2.
Кыргызстандык командадан голдорду Даниярбек Аманбаев, Аймен Канатбеков жана Мухаммад Аскарбеков киргизди.