Коом
Мугалимдер өткөн аттестациянын жыйынтыгы өтө начар экендиги айтылды

Көп мугалим андан өтпөй калганын билим берүү министри билдирди.
“Азыр санариптик технологияларды иштеп чыгып жатабыз. Мугалимдин ишин мындан ары субъективдүү баалабастан, жасалма интеллект аркылуу баалайбыз. Аларды окутуп, өнүктүрүп, андан кийин аттестацияга жөнөтөбүз”, — деди Догдуркүл Кендирбаева.
Ал ошондой эле сапатта кемчилик бар экенин моюндап, мындан ары мугалимдерге талап күчөтүлөрүн, жогорку окуу жайга кабыл алууда босого балл көтөрүлөрүн кошумчалады.



