Коом
Ысык-Көлдөгү мектеп, бала бакча жана коомдук жайларда видео камералар орнотулууда

Аймактык милициянын айтымында, видеокөзөмөлдө адамды таануу функциясы бар. Маалымат ИИМдин командалык борбору менен облустук милициянын борборуна түз эфирде көрсөтүлүп турат.
Түп районунда 51 камера орнотулса, анын 26сы билим берүү мекемелеринде. Ысык-Көл районунда 98 видеокөзөмөл бар, жакында дагы 60 камера орнотулат. Жети-Өгүз районундагы окуу жайларга 30, Каракол шаарында болсо 16 камера коюлган.
Муну баары элдин, өзгөчө балдардын коопсуздугу үчүн жасалып жатканы белгиленди.



