Коом

Жумгалда психикалык оорулуу жарандарга айдоочулук күбөлүктөр берилгени аныкталды

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Нарын облусунун Жумгал районунда психикалык жактан оорулуу катары каттоодо турган 3 жаранга айдоочулук күбөлүктөр берилген.

Маалыматта айтылгандай, аталган райондун жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жооптуу кызмат адамдары каттоодо турган аталган 3 жаранга «психикалык жактан оорубайт» деген медициналык корутундуларды беришкени аныкталган.

Мындан улам Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин Жумгал сектору тарабынан аталган жарандарга “В, С” категориясындагы айдоочулук күбөлүктөр берилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү(кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button