Коом
Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери кандай төлөмдөрдү алат?

Бул үчүн 7,3 миллион сом бөлүнгөн.
Каражат 468 адамга берилет:
▪️Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына — 20,6 миң сомдон;
▪️согуштун катышуучуларына, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына жана Ленинградды коргоо үчүн сыйланган адамдарга — 20,4 миң сомдон;
▪️согушта курман болгон жоокерлердин жесирлерине — 15,2 миң сомдон;
▪️тылда иштегендерге, СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйлангандарга — 15,1 миң сомдон.
Эмгек министрлиги ошондой эле Кыргызстанда жашаган 32 ардагер ай сайын 17 миң сомдон алып жатканын белгиледи.



