Коом

Кыргызстан Ислам тилектештик оюндарында 19 медаль менен 14-орунду ээледи

Алтынчы Ислам тилектештик оюндары 4-21-ноябрь күндөрү Эр-Риядда өттү.

Сауд Арабиясында өткөн Ислам тилектештик оюндарында Кыргыз курама командасы медалдар боюнча 57 өлкөнүн ичинен 14-орунду ээледи.

Ислам тилектештик оюндарына бокс, дзюдо, сууда сүзүү, стол тенниси, оор атлетика, муай тай, каратэ, киберспорт, дуатлон, таэквондо, ушу, жеңил атлетика, фехтование, күрөш, джиу-джитсу, ошондой эле пара-атлетика жана пара-пауэрлифтинг кирген.

Кыргызстандын курама командасынын курамында 99 спортчу болгон. Алар 19 медаль жеңип алышкан: 4 алтын, 4 күмүш жана 11 коло. Күрөш боюнча 9, джиу-джитсу боюнча 3, ушу боюнча 3, дзюдо боюнча 3 жана бокс боюнча 1 медаль. Алтын медалды балбандар Акжол Махмудов, Абдумалик Карачов, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы жеңип алышкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button