Коом

ЖКККББда жана анын бөлүктөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду

Бүгүн, 2025-жылдын 19-майында Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын жетекчилери үчүн кезексиз коллегиялык жыйын өттү. Анда коллегиянын чечими менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында жана анын бөлүктөрүндө жетекчилер алмашты.
-милициянын подполковниги Айбек Джумагулов ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды;
-милициянын полковниги Манасбек Сыдыгалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.


-милициянын полковниги Урмат Байтоков ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын финансы-чарбалык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды;
-милициянын полковниги Авазбек Досов ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ысык-Көл ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
-милициянын полковниги Раимбек Тешебаев ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Чүй ОИИББнын башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары болуп дайындалды.
Белгилеп кетсек, ИИМдин жетекчилигинин бул чечимдери башкармалыктардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жетекчилер арасында тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү үчүн жетектөөчү курамды ротациялоо максатында жүргүзүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button