Окуялар
Чүй облусу боюнча ЖКККБнын башчысы Шаирбек Бопонов укук коргоо органдарынын катарынан биротоло бошотулду

ИИМ берген маалыматта ал тартиптик уставды одоно бузуп, кызматтык милдеттерин аткарбай, себепсиз ишке чыкпай койгон.
Бопоев 2017-жылы Бишкек шаардык ЖКККББны жетектеп, 2020-жылы Чүйгө которулган. Бирок ошол эле жылдын аягында пара алууга шектелип кармалып, кызматынан бошотулган эле. Кийинчерээк соттун чечими менен акталып, быйыл 1-майда кайрадан кызматына келген.


